Кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган Кыргызстандын 16 жараны Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун жүргүнчүлөрдү ташуучу унаасы менен Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме саат 11.20да Кыргызстандын куткаруучулары тарабынан куткаруу иштери башталганын кошумчалады.
«Кордай — Отар унаа жолунун 80-чакырымда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен үч оор жүк ташуучу, бир жеңил унааны чыгарышты», — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек-Алмата» кафесинде 150, Свердлов районундагы «Эне-Сай» жаңы конушундагы № 21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана «Таберик» студиясынын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайларды уюштуду.