Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды

13:40, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте экинчи Элдик курултай өз ишин баштады. Иш-чараны Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачты.

Анын айтымында, курултайга Кыргызстандын аймагынан 700 делегат катышмак, бирок анын арасынан иш-чарага 695 адам барды.

Курултайда президент Садыр Жапаров жана башка аткаминерлер дагы бар.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алган. Анда курултайдын укуктук статусу, ишмердүүлүгүнүн принциптери жана делегаттарды шайлоо тартиби аныкталган.