11:48, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-декабрда Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жай мезгилинде эки киши Land Rover жана Rаnge Rover машиналарын алдоо жолу менен ээлеп алып, сатып жиберишкенин билдирген. Келтирилген зыян 35 миң долларды түзгөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам кызматкерлер 1998-жылы туулган А.М. жана И. И. аттуу жарандарды кармашты.
Алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы аныкталып жатат.
Кылмышкерлердин аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан 0502120570, 0559085959 же 102 телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранышат.