3 тоннадан ашык лимонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

10:06, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Жалпы баасы 700 миң сомдук контрабандалык жүктү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Тажикстандан Кыргызстанга 3 тоннадан ашык лимонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан.

Чек арачылар Mercedes-Benz унаасынын ээси, Кыргызстандын 1994-жылы туулган Т.У. аттуу жаранын кармашты. Айдоочуда жүктү коштоочу документтер болгон эмес. Кармалган жарандын айтымында, жүк Кыргызстандын башка жаранына — Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын тургунуна таандык болгон.