Эне жана баланы коргоо борборунда кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

09:46, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон.

«Бул бейтаптын бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Ал операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду», — деп белгиледи мекеме.

Фото Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Министрлик борбордун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келерин кошумчалады. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды.