Бишкекте Арстан Алай жоголуп кетти. Милиция издөө иштерин баштады

09:25, 15 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Арстан Алай жоголуп кетти. Аны издөө багыттамасы социалдык тармактарга жарыяланды.

Фото Koroche_kg. Издөө багыттамасы

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы милицияга жоголгон адамды издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен арыз түшкөнүн 24.kg агенттигине ырастады.

Ал 13-декабрда 8.30да үйүнөн чыгып кеткен. Кара спорттук костюм жана кара кроссовка кийип жүргөн.

Анын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 0312433275 жана 0558262829 номурлары аркылуу милицияга кайрылууну суранышат.