Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы макулдашылды

15:45, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткенде топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.