14:20, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, эне-баланын саламаттыгын коргоо министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
«Тогуз ай ичиндеги ыкчам маалыматтар боюнча энелердин өлүмү былтыркыга салыштырмалуу 20,2 пайызга азайды. Ымыркайлардын өлүмү ошол эле деңгээлде калууда», — деди Медер Исмаилов.
Ал кошумчалагандай, балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн октябрь айынан бери Бишкекте төрт поликлиникалык бөлүм иштеп жатат. Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык-диагностикалык бөлүмү кеңейтилип жатат.
2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар бейтапканасы ачылат. Азыр оңдоо иштери жүрүп жатат.