USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

78 миң доллар алып, качып кеткен. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

12:47, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте өзгөчө ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга жаран арыз менен кайрылган. Ал июнь айында Т. Ж. аттуу таанышы чоогу бизнес ачууну сунуштап, андан 78 миң доллар алганын билдирген. Ошондон кийин ал качып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам кызматкерлер 2002-жылы туулган Т.Ж. аттуу шектүүнү кармап, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы аныкталып жатат.

Ички иштер башкармалыгы шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды 0707 525 222 жана 102 телефондоруна билдирип коюуну өтүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика