Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун бешинчи сериясы «Жылдын банкноту» аймактык сынагында «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Бул акчалар үстүбүздөгү жылдын 10-майынан тартып жүгүртүүгө чыгарылып, улуттук валютанын банкнотторунун жаңы, бешинчи сериясы ачылган. Жаңы серия улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган жана «улуттук валютанын эволюциясын чагылдырат: жөнөкөй купондордон баштап, жасалма акча жасоодон коргоонун эң жогорку деңгээлине чейинки банкноттор».
Жылдын мыкты аймактык банкноту сынагы Коломбодо (Шри-Ланка) High Security Printing Asia жогорку деңгээлде корголгон басып чыгаруу боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык конференциянын алкагында өттү.
High Security Printing — банкнотторду жана башка жогорку деңгээлде корголгон продукцияларды өндүрүү, басып чыгаруу, коргоо элементтерине арналган жыл сайын өтүүчү аймактык ири конференция.
Мындан тышкары, Дубайда банкнотторду басып чыгаруу жана монеталарды чегүү боюнча өткөн Mint & Print Conference эл аралык конференциясында улуттук валютанын жаңы банкноттору «Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен сыйланды.
Жаңы банкнотторду даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча уникалдуу долбоорду уюштургандыгы, ошондой эле накталай акча жүгүртүү тармагында индустрияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлык Улуттук банкка банкноттордун жаңы сериясын даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча көз карандысыз эл аралык эксперттик кеңеш тарабынан ыйгарылды.