11:10, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Жол кырсыктары дүйнөдөгү балдардын жана жаштардын өлүмүнүн негизги себеби катары аныкталды. Бул тууралуу «БУУнун жаңылыктары» билдирди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2010-жылдан 2021-жылга чейин 5 пайызга — жылына 1,19 миллионго чейин азайганы белгиленген. Ошого карабастан, жол кырсыктары 5 жаштан 29 жашка чейинки балдар менен жаштардын өлүмүнүн негизги себеби бойдон калууда. Ар бир мүнөт сайын дүйнөдө жол кырсыгынан эки адам каза болот.
БУУга мүчө мамлекеттердин ичинен 108 өлкө 2010-жылдан 2021-жылга чейин жол кырсыгынан каза болгондордун саны азайганын билдирди. Он мамлекет жол кырсыгынан улам катталган өлүмдүн санын 50 пайызга чейин кыскарта алышкан. Алардын арасында Беларусь, Дания, Япония, Литва, Норвегия, Россия, Бириккен Араб Эмираттары жана Венесуэла бар. Дагы 35 өлкө олуттуу прогресске жетишип, өлүмдөрдү 30-50 пайызга кыскартышкан.
Докладда жол кырсыктарынан каза болгондордун эң көп саны — 28 пайызы Түштүк-Чыгыш Азия аймагына, эң азы — 5 пайызы Европа аймагына туура келери айтылат.
Кирешеси төмөн өлкөлөрдө жол кырсыгынан каза болуу коркунучу бай мамлекеттерге караганда үч эсеге жогору. Бирок жакыр өлкөлөргө дүйнөдөгү автоунаалардын 1 пайызы гана туура келет.
Жол кырсыгынан каза болгондордун 53 пайызы «жол кыймылынын аялуу катышуучулары» категориясына киргендер, анын ичинде жөө жүргүнчүлөр (каза болгондордун 23 пайызы), мотоцикл сыяктуу эки же үч дөңгөлөктүү унаалардын айдоочулары (каза болгондордун 21 пайызы), велосипедчилер (өлгөндөрдүн 6 пайызы) жана электрондук самокат сыяктуу микромобилдик каражаттарды колдонгондор бар (каза болгондордун 3 пайызы).
Отчетто 2010-жылдан 2021-жылга чейин жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчилердин өлүмү 3 жана дээрлик 20 пайызга өскөнү белгиленет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, дүйнөдөгү жолдордун 80 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздук стандарттарына жооп бербейт жана 0,2 пайызында гана велосипед тилкелери бар. Ал эми мамлекеттердин төрттөн биринде гана жөө басууга, велосипед тебүүгө жана коомдук транспортту колдонууга үндөгөн саясат жүргүзүлөт.
Жеңил унаалардын жүргүнчүлөрүнүн өлүмү азайып, дүйнө жүзү боюнча каза болгондордун 30 пайызын түздү.