Ошто жергиликтүү тургунду сабап салган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

16:20, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында мурда соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал жергиликтүү тургунду сабап салган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Фото ИИМ. Шектүү

Мекеменин маалыматына ылайык, 29-ноябрь күнү кечинде Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир жаран жергиликтүү тургунду сабап салганы тууралуу маалымат алынган. Анын натыйжасында жабырлануучу денесинен жаракат алган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн криминалдык чөйрөдө туруктуу байланыштары жана кадыр-баркы бар деген маалымат алынган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жаран мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.