Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек араны демаркациялоону талкуулашты

15:46, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу өткөрүштү.

Жетекчилер 2023-жылга карата эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулады. Калган аймактарда кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүү боюнча тапшырмаларды беришти.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү», — деп айтылат маалыматта.