15:32, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Жыл сайын электр энергиясын керектөө 5-7 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы электр энергиясын суткалык керектөө 4 миллион киловатт-саатка көбөйгөн. Эгерде өткөн жылы суткасына 62 миллион киловатт-саат керектелсе, азыр 66.
Жолдошбек Доктурбай уулу кошумчалагандай, 2022-жылдын январь айында электр энергиясын максималдуу пайдалануу катталган — суткасына 75 миллион киловатт-саат.
«Өткөн жылы январь айында абдан суук болгондуктан, керектөө көбөйдү. Бирок биз электр энергиясын нормадан жогору колдоно албай турганыбызды эске алуу керек», — деди ал.