Кара-Суу райондук мамадминистрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

14:38, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин («опузалап пара алуу») негизинде кылмыш иши козголду.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди.

«Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө», — деп кошумчалады мекеме.