13:15, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарга коомдук муниципалдык транспортко өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия бул мүмкүн болгон жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жардам берерин белгиледи.
«Саат 9:00гө карата линияда «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканансынын 114 троллейбусу, «Бишкек автотранспорт ишканасынын» 396 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын» 276 автобусу, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тарабынан 110 жеке автобус жана «Аламүдүн Авто Транстын» 5 автобусу кызматта. Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат», — деп белгиледи мекеме.