Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

11:32, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Заир Чокоев Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал бул орунга 2021-жылдын ноябрь айында дайындалган.

Ошол эле жылдын июль айында Экономика жана финансы министринин орун басары — казыналыктын директору болгон.

Заир Чокоев «Чанг Ан Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары, «Кыргызстан» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.