10:45, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Астана-Петропавловск трассасында тоңуп калган кыргызстандыктарды Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкелери куткарды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Журналисттердин маалыматына караганда, катуу сууктан улам Кызылжар районунун Чапаев айылына жакын жерде VOLVO унаасынын соляркасы тоңуп калган. Унаанын ичинде Россияга бара жаткан эки кыргыз жараны болгон. Окуя жерине тез арада райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү аткаруу органдарынын адистери барышкан.
Кыргызстандыктар Чапаев айылындагы жылытуу пунктуна эвакуацияланган. Кызылжар айыл округунун акими аларга түнөк жана тамак-аш уюштуруп берген.
Эртеси күнү ӨКМдин кызматкерлери унааны жылытып, техникалык жардам көрсөтүшкөн. Машине от алып, кыргыз жарандары ыраазычылык билдирип, андан ары жолун улантышкан.
Белгилей кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери казакстандык үй-бүлөнү кар күрткүдөн куткарышкан. Окуя Ысык-Көлдө болуп, беш кишиден турган үй-бүлө Ак-Суу районундагы жайлоого бара жатып, кар күрткүгө тыгылып калган. Куткаруучулар аларга жардам беришкен.