10:15, 11 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматкерлердин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, Райымбек Матраимовдун мафиясы менен болгон байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жеке адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылып, алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду:
«Учурда аныкталган башка мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда. Биздин мамлекеттик органдарды абийирсиз, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, ниети бузук кызматкерлерден тазалоо боюнча ушундай иштер мамлекеттин турмушунун бардык тармактарында мындан ары да жүргүзүлө берет» — деп кошумчалады мекеме.