11:10
USD 89.43
EUR 96.36
RUB 0.97

Кыргызстанда 10 миграцияга чейинки даярдык жана окутуу борбору түзүлдү

Кыргызстанда 10 миграцияга чейинки даярдык жана окутуу борбору түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борборлор кесиптик лицейлердин базасында уюштурулду. Алар ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенет.

«Окутуу санариптик шаймандар жана гибриддик форматтар аркылуу жүргүзүлөт», — деди ал жана мындай борборлор быйыл гана ачыла баштаганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар