12:42, 07 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда кечээ бокс боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.
Чемпионатта Бишкек, Ош, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарынын мыкты спортчулары топтолду.
Алар чемпиондук наам үчүн гана эмес, өлкөнүн атынан эл аралык турнирлерге катыша турган Кыргызстандын курама командасына жолдомо алуу үчүн дагы күрөшүштү.
Өлкөбүздө бокс спорттун кеңири жайылган түрү. Трибунага финалисттердин достору, туугандары, ошондой эле бул мушташ өнөрүнүн күйөрмандары чогулушту.
Жогорку даражалуу коноктор өз ордуларына отуруп, калыстар тааныштырылгандан кийин мелдештин акыркы күнү башталды.
Эң алгач кыз-келиндер арасында үч салмак категориясы боюнча мыктылар аныкталды.
Беттештердин ар бири 3 мүнөттөн турган үч раундга созулуп, ортосунда бир мүнөттүк тыныгуу болот. Ким көп упай топтосо же атаандашын нокаут кылып же багынып берсе, ошол жеңүүчү болот.
Мелдеш олимпиадалык система боюнча өттү, башкача айтканда, ар бир спортчу күнүнө бирден беттеш өткөрүп, жеңилген адам турнирден четтетилип жатты.
Вице-мэр Мирлан Байгончоков менен Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Амантур Жумаевди, анын машыктыруучусу Бейшен Сабатаровду жана калыс Мукаш Ырсалиевди рингге чакырып, куттуктоо айтышты.
Аларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышып, кээ бирлери спортчу менен бир нече селфи кылууга да үлгүрүштү.
Андан кийин эркектер арасында беттештер башталды. Финалга чейин 26 мушкер жетти.
Ар бир салмак категориясында алтын жана коло үчүн экиден беттеш болду. Мушташтардын ортосунда сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Ошентип Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты жыйынтыкталды. Бирок спортчуларда эс алууга бир нече гана күн бар, андан кийин жаңы сезон башталып, кийинки турнирлерге даярдык көрүлөт. Кээ бирлери эл аралык мелдештерге, кээ бирлери кийинки өлкө биринчилигине катышат.