10:45, 07 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
8,3 миңден ашуун айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, март айынан баштап жол эрежелерин одоно бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү. Анда мас абалында унаа башкаруу үчүн айып пул эмес, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.
Өлкөдө мас абалындагы айдоочулардын саны 15 пайызга, ал эми жол кырсыктарынын саны 26 пайызга азайганы белгиленет.