10:08, 06 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын министрлер кабинети Чолпон-Ата шаарында жаңы кичи район куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигине жерди Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына, дагы 34 гектер жер тилкесин Чолпон-Ата шаарынын мэриясына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылды.
Учурда көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.
Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат.