Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат

09:46, 06 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Мындай тыянак өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.

БУУнун шкаласына ылайык, эгерде калктын арасында 65 жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк карылыктын босогосунда турат. Ал эми 7 пайыздан жогору болсо, анда калк улгайган деп саналат. Кыргызстанда 2023-жылдын башына карата 378,1 миң адам же жарандардын 5,4 пайызы 65 жаштан улуу курактагы адамдар болгон (2019-жылдын башында 4,7 пайыз болчу).

Бирок бул көрсөткүч башка КМШ өлкөлөрүнө караганда төмөн. Азербайжан жана Казакстанда ал 8,5 пайызды, Россия менен Беларуста 16,5 пайызды түздү. БУУнун божомолу боюнча Кыргызстанда бул тенденция, башкача айтканда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындаган учур 2030-жылдарда башталат.