22:05
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Оштогу № 4 үй бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси бейтаптардан акча опузалаган

УКМК Оштогу № 4 үй бүлөлүк медицина борборунан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка караганда, борбордун жетекчиси Н.Ж.А. системалуу түрдө медициналык жардам сурап кайрылган жарандардан акча чогултуу жана талап кылуу менен алектенген. Ал ошондой эле ар кандай маалымкаттарды жазып берүүдө, тиешелүү медициналык кызматтарды алууда жасалма тоскоолдуктарды жараткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар