12:40, 05 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Мекеме 2021-жылга чейин медицина кызматкерлеринин айлыгы 2011-жылы көтөрүлгөнүн белгиледи.
«Андан кийин 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50 пайызга жогорулатылды. Баардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар жана башка) сакталып, маянага кошулат», — деп кошумчалады министрлик.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акы:
Эске салсак, кечээ социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исабек кызы ага Ысык-Көл облустук ооруканасынын ординаторлору кайрылып жатканын билдирген. Анын айтымында, алар 5 миң сом айлык акы алышат.