16:04
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Өрнөк айылынын мугалими орус тили боюнча эл аралык олимпиадада жеңүүчү болду

Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, орус тили боюнча олимпиада Калининграддагы Балтика федералдык университетинде өттү.

«Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар