Бишкекте жасалма акчаларды саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

12:59, 04 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жасалма акчаларды саткан трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдар Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенишкен.

УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран
УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран

Учурда эки өлкөнүн аймагында жасалма акчаларды өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу үчүн тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп кошумчалады мекеме.