Кыргызстандын мамлекеттик катчысы тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирди

12:10, 04 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Сүйүнбек Касмамбетов Facebook баракчасына пост жарыялады.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов мыйзам долбоорун ак ниет менен демилгелешкенин айтты.

«Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, вице — премьер — генерал Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз. Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө...Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу», — деп жазды мамлекеттик катчы.

Буга чейин парламент мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 66 депутат макул, 8 депутат каршы добуш берген.

Кыргызстанда мамлекеттик тууну өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып жатат. Эскерте кетсек, желекти өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Демилгечилердин айтымында, күндүн нурларын түздөө желекти жакшыртууга багытталган. Бирок социалдык тармактын колдонуучуларыбул сунушка макул эмес.

Мамлекет башчысы да бул тууралуу өз пикирин билдирген. Садыр Жапаровдун айтымында, ал негизинен идеяны колдойт. Тууну өзгөртүү демилгесин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да жактырган. Ал «желек күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги бериш керек» деп эсептейт.