12:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы «Манас» эпосу — кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү экенин белгиледи.

Биз үчүн улуу дастандын элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарых-таржымалы катары да, улуттук идеологиянын башаты катары да мааниси зор.

Садыр Жапаров

«Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, «Манас» эпосу — улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу «Манас» дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этностуу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат.

«Дүйнө өзгөрүп, дүрбөлөңдүү чакырыктар жаңырып турган маалда дүйнө элдери тарыхы менен өтмүшүнө кайрадан баш багып, өнүгүү багытына өзөк, руханий баалуулук издөөгө батыл киришти. Кудайга шүгүрчүлүк, улуу дастаныбызда бүткүл кыргыз элинин тарыхы менен тагдыры, нарк-насили менен каада-салты, турмуш-тиричилиги менен маданияты жуурулушуп, кылымдар бою аздектеген түп мүдөө-тилеги укмуштуудай чагылдырылган. «Башканы коюп «Манасты» айт» деп бекеринен айтылып калбаган чыгар, биздин башат алчу идеологиябыз, таяныч болуп такала турган өзөгүбүз, улуттук улуу рухубуз дал ушул «Манасыбызда», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башысы ошондуктан 2022-жылдын 22-апрелинде «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Мындан кийин эле «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси «Манас» улуттук академиясы болуп өзгөртүлгөнүн, бул кадамдар «Манас» эпосу боюнча мындан да келечектүү жана ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп берерин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар