USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкектин айрым мектептеринде бир класста 55 балага чейин окуйт

13:14, 01 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым мектептеринде бир класста 55 балага чейин окуйт. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Мекенчил» партияларынын биргелешкен жыйынында Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча айыл мектептеринде бир класста 25 окуучуга, шаар мектептеринде 30 балага чейин окуш керек.

«Бишкекте ички миграция күчөгөнүнө байланыштуу борбор калаанын четиндеги мектептерде бир класста 55 балага чейин окуп жатышат. Айылдарда 10-15 адам окуган класстар бар. Аймактарда бир класстагы окуучулардын саны максималдуу 35 балага чейин жетет», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика