Милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган бала бакчанын жетекчиси кармалды

17:13, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине 120 миң сом пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери Финансы министрлигинин аудит кызматы менен биргеликте билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо максатында текшерүү жүргүзүшүүдө.

Анын жүрүшүндө Аламүдүн районундагы «Достук», «Бөбөкжай» бала бакчаларында мыйзам бузуулар аныкталды.

 «Достук» бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн милиция кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кылган.

ИИМдин басма сөз кызматы. Кармалган жаран
ИИМдин басма сөз кызматы

29-ноябрда ИИМдин ыкчам кызматкерине 120 миң сом пара берүү учурунда аталган бала бакчанын жетекчиси А.О. кармалды.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.