Камчыбек Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданды

16:24, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Камчыбек Ташиев УКМКнын Балыкчы шаарындагы жаңы имаратынын ачылыш аземинде мекеменин кызматкерлеринин артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 1-декабрга чейин республика боюнча интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишин токтотуу тапшырмасы берилди.

Алар өз ишин улантып жатканы тууралуу маалымат түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилет.

Ташиев Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети — коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрүнө жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү экенин айтты.

Ал республикадагы үчүнчү терс көрүнүш катары кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчиликтин кайра жанданышын белгиледи.

«Мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы айтылды», — деп белгиленди маалыматта.