14:43, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында бир жылда 12 келин өз жанын кыйган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, «Альянс» фракциясы Ош, Ноокат райондоруна жана Баткен облусуна барып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен таанышты.
Эл өкүлү Жаңы-Жер айыл өкмөтү менен Андарак айылында жер тартыш болуп жатканын белгилеп, бул чек ара аймактарындагы жерлерди трансформациялоону тездетүүнү суранды.
«Жаңы-Жер аймагында даяр жер бар. Эгер ал тарнсформация болсо, анда 2 миң 700 адам жер алмак. Андарак айылында алты-жети үй-бүлө бир үйдө жашайт. Эмне кыларыбызды билбей калдык деп жатышат. Ал жердеги участоктор Бишкектен да кымбат. Мигрант болуп айла жоктон кетип жатышат. Үрөй учурган статистиканы айтып коеюн. Акыркы бир жылда 12 келин өз жанын кыйган, алардын үчөө аман калып, тогузу каза болгон. Бирөө уксус ичсе, бирөөсү асынып алган... Мунун баары бир үйдө алты-жети үй бүлө жашагандыктан болуп жатат», — деди Жанар Акаев.
Ал ошондой эле Андаракта 200 балага ылайыкталган мектепте 850 окуучу билим алып жатканын белгиледи. Депутат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдон аймакка барып, жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүнү өтүндү.