Бишкекте № 33 мектептин окуучулары кайрадан эвакуацияланды

12:56, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 33 мектебинин окуучулары кайрадан эвакуацияланды. Маалыматты 24.kg агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Белгиленгендей, бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Эске салсак, мындай билдирүү үчүнчү жолу түшүп жатат. 27 жана 28-ноябрда дагы аталган мектептин окуучулары жана мугалимдери бомба жөнүндө кабардан улам эвакуацияланган.