Акчасын көбөйтүп берүүнү убадалаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

12:04, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 29-ноябрда жаран милицияга кайрылып, Р.Н. атту адам көбөйтүп берем деген шылтоо менен 68 миң долларын алып, бирок убадасын аткарбай жашырынып кеткенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Фото Бишкек ИИББ. Шектүү

Ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция анын ушул сыяктуу дагы төрт кылмышка тиешеси бар экенин аныктады.

Кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(702) 71-73-08, 0(701) 00-17-08 же 102 телефондоруна кайрылса болот.