10:39, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев фабриканы кура турган инвесторлор менен жолукту.
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Art Soft Holding жана SASSA GROUP өзбек компаниялары менен үч тараптуу келишимге кол койду.
Келишимге ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын аягында бүтөт. Имараттын курулушу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүндү. Долбоордун жалпы суммасы 31 миллион долларды түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын ачуу пландалууда.
Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүү үчүн шарттар түзүлөт.