Мектептерде PISA тестине даярдоо үчүн акча чогултулбайт

10:26, 30 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Мектептерде PISA тестине даярдоодо окуучулардан, мугалимдерден кошумча акча каражаттары чогултулбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тестти тапшырууну каалагандар (окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер) Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун сайтындагы ачык маалыматтардын негизинде акысыз даярдана алышат.

«Мындан тышкары мектептердеги ар кандай оюн-зоок программаларын уюштуруу, окуучуларды бир жактарга (концерт, кино, цирк жана башка) алып баруу эч качан Билим берүү министрлиги тарабынан түздөн-түз сунушталбайт. Мындай классстан тышкаркы иштер мектептин тарбия иштери боюнча иш планында болсо жана алдын-ала ата-энелер менен макулдашылган учурда гана жүргүзүлөт», — деп белгиледи мекеме.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын арасында билим жана көндүмдөрдү баалоо боюнча PISA тести жүргүзүлөт.

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment, PISA) — дүйнөдөгү 15 жаштагы окуучулардын сабаттуулугун жана билимин практикада колдоно билүүсүн баалоочу тест. Үч жылда бир өтөт.

Кыргызстан PISA-2006 жана PISA-2009 тесттерине катышып, акыркы орундарды ээлеген. Андан кийин өлкө бул программага катышуудан баш тарткан.