17:29, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында жаран уруксат документтери жок, үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында аталган мечиттин иши токтотулуп, 7,5 миң сом айып салынган.
«Ага карабастан жаран башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад областынын казыятынын, Сузактагы «Кадастр» жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен уруксат кагаздарын алган. Аталган мечитте Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Сузактагы «Кадастр» жана архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет. Каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектиге (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат.