16:23, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Салык кызматы «Кара-Суу» базарындагы ишкерлердин көзөмөл-кассалык машиналарын орнотууга каршы митиги тууралуу комментарий берди.
Мекеме соодагерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Акция аяктап, бардык катышуучулар өз иштерин улантышууда.
«Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объектилерге «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (Кара-Суу) базарлары кирет», — деп билдирди Салык кызматы.
Стратегиялык объектилерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат.
Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын жана кошумча нарк салыгын алмаштырат жана акцизделчү, атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкаркы товарларды сатууга карата колдонулат.