Чүй облусунун тургуну үйүндө курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн

13:42, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу жарандын үйүнөн Симонов системасындагы ок-дарылар () менен карабин, Калашников автоматынын () жана калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылды.

УКМК тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.