Кара-Сууда көзөмөл-кассалык машиналарынын орнотулушуна каршы митинг өтүп жатат

12:22, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу шаарында соодагерлер кассалык көзөмөл машиналарынын орнотулушуна каршы митинг өткөрүп жатышат. Видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Акциянын катышуучулары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулушту. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылууда. Мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү чогулгандар менен жолугуп, алардын дооматтарын талкуулап жатышат.