Мекендешинен ири суммадагы акча опузалаган чет элдик жаран кармалды

12:08, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Республиканын жогорку окуу жайларынын биринин дипломун тапшырууга көмөк көрсөткөнү үчүн мекендешинен 12,5 миң доллар талап кылып, алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы. Мекендешинен ири суммадагы акча опузалаган чет элдик жаран кармалды
УКМКнын басма сөз кызматы. Мекендешинен ири суммадагы акча опузалаган чет элдик жаран кармалды
УКМКнын басма сөз кызматы. Мекендешинен ири суммадагы акча опузалаган чет элдик жаран кармалды

Маалыматта белгиленгендей, ал айрым чет элдиктер менен сүйлөшүп, материалдык пайда алуу үчүн жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө Кыргызстандын дипломдорун алууда мекендештерине жасалма тоскоолдуктарды жараткан.

«Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.