11:47, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
44 кыргызстандык Эмгек министрлиги аркылуу Түштүк Кореяга иштөөгө кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова аларды узатып, мыйзамдуу ишке орноштуруу президент Садыр Жапаровдун «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 15 жыл аралыгында мекеме Кореянын ишканаларына 5 миңден ашык кыргызстандыктарды ишке орноштурган. Учурда 2 миңге жакын жараныбыз ал жакта EPS программасы боюнча иштеп жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.
Жатакана жана тамактануу (толук же жарым-жартылай) иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо эмгек акы 2 миң долларды түзөт.
Программанын негизги талабы — корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. Он айдын ичинде корей тили боюнча тестирлөөгө 3 миң 470ден ашуун жаран катышып, 882си ийгиликтүү өттү.