11:27, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында мыйзамсыз курулган жана келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары бузулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буфердик зонадагы Green Hоuse кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан «Сансара» кафесин бузуу иштери башталды.
«Ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрдү алып салуу иштери жүрүп жатат», — деп белгиледи мекеме.
Белгиленгендей, аталган жайлардын ээлерине буга чейин тиешелүү эскертүүлөр берилген.