12:57
USD 87.45
EUR 98.28
RUB 1.09

Сокулук районунда 26 жаштагы келин сарайда асынып алган

Сокулук районунда жаш келин сарайда асынып алган. Маалыматты 24.kg агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Каргашалуу окуя 21-ноябрда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 26 жаштагы З.Г. мал байлаган арканга асынып алган. Маалыматка ылайык, күйөөсү көрүп калып, аны чечип, тез жардам чакырган.

Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар