14:50
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Чет өлкөлүк жаран эс алуу борборуна 9 миллион сом карыз болуп, качып кеткен

Аламүдүн районунда аял үй-бүлөсү менен 9 миллион сомго эс алып, акчасын төлөгөн эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда милицияга эс алуу борборлорунун биринин администратору кайрылган. Ал чет мамлекеттин жараны В.Т. аттуу адамга карата чара көрүүнү суранган. В.Т. өзүн ири инвестор катары тааныштырганы, 2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин үй-бүлөсү менен VIP номерлерде жашап, 8 миллион 986 миң 457 сомго эс алуу борборунун (конокторду тосуп алуу, банкеттерди, иш жолугушууларын өткөрүү жана башка) кызматтарынан пайдаланып, качып кеткени белгиленген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Чүй облустук ИИББ
Фото Чүй облустук ИИББ. Шектүү

Шектүү катары 38 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. В.Т. кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы чиновниктерден акча талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар