13:46, 28 ноября 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин бир жуманын ичинде курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын 5 миң 50 учуру катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана жана мамлекеттик санитардык-эпдемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалымат боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу көрсөткүч 13,1 пайызга жогорулаган. Ооругандардын жарымынан көбү 14 жашка чейинки балдар.
Белгиленгендей, республика боюнча 87 миң 110 адам сасык тумоого каршы вакцина алган. Бардык аймактарда эмдөө аяктады. Бишкектин алты жеке менчик медициналык борборунан эмдөөнү акы төлөп алууга болот.
Дарыгерлер респиратордук инфекцияларды алдын алуу чараларын, анын ичинде маска режимин жана социалдык аралыкты сактоого чакырышууда.