Бүгүн «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши убактылуу токтотулат

11:53, 28 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрмө бекетинде техникалык иштер жүргүзүлөт.

Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү саат 15.30дан 18.30га чейин убактылуу токтотулат.