Караколдогу мал союучу жайда өлгөн малдын эти союлуп келгени аныкталды

10:52, 28 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарындагы мал союучу жайда өлгөн малдын эти союлуп келгени аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жер тиешелүү уруксат документтери жок иштеген.

«Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүү жүргүзүлүп, мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталды», — деп белгиледи мекеме.

Мал союучу жайдын иши токтотулду.

Министрлик тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүлүп жатканын кошумчалады.